• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык жаачы Казакстанда өткөн турнирде “күмүш” утту

Спорт 0

Бишкек, 06.04.18. /Кабар/. Кыргызстандык жаачы Асел Шарбекова жаа атуу боюнча Түштүк-Казактан облусунун Гран-присинде “күмүш” медаль уткан. Бул тууралуу КР спорттун аталган түрү боюнча федерациясы билдирет.

Турнир 30-марттан 5-апрелге чейин Шымкент шаарында өткөн. Ага Россия, Өзбекстан, Тажикстандан келген спортчулары катышкан.

Кыргызстандын атынан барган спортчулар: Асел Шарбекова, Сабина Турарова, Улук Курсаналиев, Аяна Рустам кызы, Диана Канатбек кызы, Айтурган Маматкулова, Үмүт Сыдыкова жана Азим Осмоналиев. Башкы машыктыруучу Кылычбек Нурманбетов.

Шарбекова аялдар арасында күмүш медаль уткан. Алтын медаль үчүн ал Лондон жана Пекинде өткөн Олимп оюндарынын катышуусу менен кармашкан.

Пикир

Оставить комментарий