• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык жаачылар эл аралык мелдешке катышат

Спорт 0

Бишкек, 22.02.19. /Кабар/. Кыргызстандык жаачылар "Ислам Тилектештиги" эл аралык мелдешине катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аталган мелдеш Бангладештин борбору Дакка шаарында 22-27-февраль күндөрү болуп өтөт.

Кыргызстандын атынан ал жарышка 4 спортчу – Асель Шарбекова, Улукбек Курсаналиев, Айтурган Маматкулова, Диана Канатбек кызы катышат.

Аларды мелдешке башкы машыктыруучусу Кылыч Нурманбетов коштоп барат.

Пикир

Оставить комментарий