• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстандык жаачылар командасы Ташкенттеги эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи

Спорт 0

Бишкек, 01.03.21. /Кабар/. Кыргызстандык жаачылар командасы Alpomish va Barchinoy эл аралык мелдеште 3-орунду ээледи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 22-27-февраль күндөрү жаа атуу боюнча Кыргызстандын курама командасы Ташкент шаарында өткөн Alpomish va Barchinoy эл аралык мелдешине катышты. Кыз-келиндер жана экркектер арасында командалык эсепте Кыргызстандын курама командасы 3-орунду ээледи. Ошондой эле кыздар арасында Асел Шарбекова коло байгенин ээси болду.Аталган мелдеште КМШ мамлекеттеринен келген 100дөн ашык спортчу беттешти.

Белгилей кетсек, спортчулар Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан иш-сапарга жөнөтүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий