• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандык "Жамгырдан кийин" тасмасы Лос-Анджелестеги кинофестивалда көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек, 04.08.20. /Кабар. Кыргызстандык "Жамгырдан кийин" тасмасы Лос-Анджелесте өтө турган Burbank эл аралык кинофестивалында көрсөтүлөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Кинематографияны өнүктүрүү фондунан билдиришти.

Тасманын продюсери жана сценаристи Евгения (Юджиния) Чанг билдиргендей, тасма фестивалдын чет тилде тартылган тасмалар программасында жарым финалга өткөн.

Фестиваль 10-13-сентябрь күндөрү Лос-Анджелесте болуп өтөт.

Аталган тасма 26-сентябрдан тарта Бишкек жана Ош шаарларынын кинотеатрларында көрсөтүлө баштайт. Бишкектеги көрсөтүүлөрдөн түшкөн каражаттын жарымы тасманы Кыргызстандын алыскы айылдарында акысыз көрсөтүү үчүн жумшалат.

Пикир

Оставить комментарий