• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык Жантай Малатаев АКШдагы гольф боюнча мелдешти жеңип алды

Спорт 0

Бишкек, 27.02.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Жантай Малатаев Флоридада (АКШ) гольф боюнча өткөн International Junior Golf Tour мелдешин жеңип алды. Бул тууралуу Гольф федерациясынан билдиришти.

Аталган мелдеште Жантай Малатаевге Кытай жана Түштүк Кореянын оюнчулары атаандаштык кылган.

"Акыркы эки лункада жеңишке жетишти. Ал U16 дивизионунда ойноду", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, бул жеңишинен кийин Малатаев Орландо шаарында өтүүчү Гранд-финалга катышууга мүмкүнчүлүк алган.

Пикир

Оставить комментарий