• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык жаран башка бирөөнүн паспорту менен Стамбулга учууга аракет кылган

Укук тартиби 0

Бишкек, 14-март /Кабар/. Бишкек аэропортунда Стамбулга башка бирөөнүн паспорту менен учууга аракет кылган кыргызстандык аял кармалды. Бул тууралуу КР Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш бөлүмү билдирди.

Белгиленгендей, 14-мартта “Манас-аэропорт” өткөрмө-көзөмөл пунктунун чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек ара бузган Кыргызстандын жаранын кармашкан.

Бишкек-Стамбул каттамы боюнча багыт алган PС701 авиарейсин каттоо учурунда 1994-жылы туулган КР жараны “А.Г.” башка бирөөнүн чет өлкөгө чыгуучу паспортун көрсөткөн.

Тиешелүү документтер түзүлүп, кармалган жаран КР УКМК кызматкерлерине өткөрүп берилди.

Пикир

Оставить комментарий