• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык жаш баскетболчулар эл аралык турнирде жеңүүчү аталды

Спорт 0

Бишкек, 11.10.19. /Кабар/. Өспүрүмдөр арасында баскетбол боюнча Кыргызстандын командасы КМШ өлкөлөрүнүн жаштары катышкан VII эл арылык мектеп спорту фестивалында жеңүүчү аталды. Бул тууралуу спортун аталган түрү боюнча федерациясынан билдиришти.

Мелдеш Татарстан республикасында өткөн.

Кыргызстандык команда бардык оюндарда жеңүүчү аталды. Спортчулар Татарстан, Мурманск жана өзбекстандын оюнчулары менен 2 оюн өткөрүп, ар биринде утушка жетишкен.

Ал эми, экинчи орунду Мурмансктын спортчулары ээлешкен. Коло байгеге өзбекстандык баскетболчулар илинген.

Пикир

Оставить комментарий