• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык жаш ишкер Forbes журналынын тизмесине кирди

Коом 0

Бишкек. 02.04.19 /Кабар/. Дастан Өмүралиев Forbes журналынын Азия континентиндеги жаш жана ийгиликтүү 300 ишкерлердин катарына кирди.

Журнал жыл сайын Азия жана Тынч океан региону боюнча 30 жашка чейинки жаш ишкерлердин рейтингин түзүп келет.

2019-жылкы рейтингкке 300 адам кирип, Кыргызстандан жалгыз 29 жашар Дастан Өмүралиев кошулду. Тизмеде Казакстандан төрт жаш ишкердин аты көрсөтүлгөн.

Тизмеге баарына көп кытайлык ишкерлер кирген – 61, андай кийин Индия – 59, Гонконг – 11.

Журналдагы маалыматка ылайык, Дастан Өмүралиев 2013-жылы натуралдык сок чыгаруучу компанияны негиздеген.

Пикир

Оставить комментарий