• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Жаш хоккейчи Амирхан Таалайбеков АКШдагы лигада ойноого мүмкүнчүлүк алды

Спорт 0

Бишкек, 05.09.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык жаш хоккейчи Амирхан Таалайбеков АКШдагы лигада ойноого мүмкүнчүлүк алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында Кыргызстандын хоккей федерациясынын вице-президенти Асел Абдыгулова билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын хоккей боюнча 2010-жылкы балдар арасындагы курамасы күчтүү деп эсептелинет.

“Ал эми кыргызстандык хоккейчи Таалайбеков (2010-жылкы) коргоочулар арасында күчтүү болгондуктан АКШнын "Питтсбург Пингвинз" академиясына тандалып алынды. Ал кийинки жылдан баштап Питтсбургда ойной баштайт”, - дейт ал.

Эскерте кетсек, Бишкекте сегиз өлкөнүн катышуусунда хоккей боюнча президенттин кубогу өтүп, анда 13 жашка чейинки балдар арасында Кыргызстандын курамасы 3-орунга илинди.

Пикир

Оставить комментарий