• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык жаш режиссёрдун тасмасы Канадада эл аралык балдардын фестивалында көрсөтүлөт

Маданият 0

Бишкек.19-май /Кабар/. Жаш режиссёр Баатыркан Ильясов “Кошуналар” (“Соседи”) аттуу кыска метраждуу тасмасы менен Канаданын Торонто шаарында өтө турган “Focus” эл аралык балдар кинофестивалына катышат. Бул тууралуу КМШ, Грузия жана Балтия өлкөлөрүнүн “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” ЭКФ арт-директору, ассоциативдик продюсер Ника Жолдошева билдирди.

Фестивалга 16 жашка чейинки барлдар катышып, сынакка “Дүйнөнү эмне жакшы кылат?” деген темадагы кыска метраждуу анимациялык тасмалар көрсөтүлөт.

Батыркандын тасмасы- бул эки кошунанын окуясын чагылдырат. Алардын бири- эмгекчил, экинчиси- жалкоо жана ичимдикти жакшы көргөн адам катары берилет. Бул тасма - Крыловдун “Кумурска менен Ийнелик” тамсилинин жаңы интерпретациясы.

Эскерте кетсек, “Кошуналар” тасмасы “Карек” Улуттук балдар жана өспүрүмдөр кинофестивалынын “Эң мыкты анимация” категориясында баш байгени жеңген. Ошондой эле, КМШ, Балтия жана Грузия өлкөлөрүнүн “Кыргызстан - кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” VI Эл аралык фестивалынын катышуучусу.

2016-жылдын жазында АКШ элчилиги өткөргөн “I Love English” темасындагы видео роликтердин сынагынын баш байгелеринин бирин алган. Батыркан учурда Каракол шаарында 8-класста окуйт. Анимация менен 3 жылдан бери алектенип келет.

Пикир

Оставить комментарий