• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандык жаш спортчулар тхэквондо GTF боюнча эл аралык мелдеште 94 медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 30.03.23. /Кабар/. Кыргызстандык жаш спортчулар Казакстандагы Open Shymkent тхэквондо GTF боюнча эл аралык мелдешинде 94 медаль жеңди.

Мелдеш 24-27-мартта Шымкент шаарында өтүп, 6 жаштан 17 жашка чейинки 1000ден ашык спортчулар күчүн сынашты. Турнирге Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан келген спортчулар катышты.

Кыргызстандын атынан 115 бала катышып, 22 алтын, 24 күмүш жана 48 коло медаль багындырышты.

Ал эми жалпы командалык көрсөткүчтө Кыргызстан Казакстандан кийинки экинчи орунга илинди. Үчүнчү орунду Өзбекстан, төртүнчү орунду Азербайжандын курамасы ээледи.

Пикир

Оставить комментарий