• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандык жеңил атлетчи Ева Кадырова Беларустагы мелдеште алтын утту

Спорт 0

Бишкек, 06.03.19. /Кабар/. Кыргызстандык жеңил атлетчи Ева Кадырова Беларустун эмгек сиңирген машыктыруучусу Елизавета Сосинанын элесине арналган эл аралык мелдеште алтын утту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш 1-3-март күндөрү Минск шаарында болуп өткөн. Ал жарышка Беларусь, Латвия, Израиль жана Кыргызстандан барган спортчулар катышкан.

Кадырова 60 метр аралыктагы жарышка түшүп, маарага 7,65 секундда келген. Ошентип, 18 спортчуну артта калтырган жеңил атлетчи жеңүүчү болгон.

Аны менен катар, ал, аталган мелдештин 1999-жылдан бери сакталып келе жаткан рекордун жаңырткан.

Ошондой эле Кадырова мелдештин мыкты спортчусу деп таанылган.

Пикир

Оставить комментарий