• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык жеңил атлетчилер Азербайжанда өткөн мелдеште 4 алтын утушту

Спорт 0

Бишкек, 01.07.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Азербайжанда өткөн эл аралык мелдеште 6 медаль утуп алышты. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Мелдеш дем алыш күндөрү Баку шаарында өткөн. Ага Беларус, Грузия, Иран, Индия, Кыргызстан жана Азербайжандын спортчулары катышкан.

Кыргызстандык спортчулар 4 алтын жана эки күмүш утушкан.

Ева Кадырова 100 метр, Айнуска Калил кызы 1500 жана 800 метр жана эркектер арасында Элдияр Кадыров 1500 метр аралыктагы жарышта биринчи болушкан.

Ал эми Чолпон Тазабекова менен Кадыров 800 метр аралыктагы жарышта күмүш медаль тагынышкан.

Пикир

Оставить комментарий