• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык жеңил атлетчилер эл аралык мелдеште 6 медаль жеңишти

Спорт 0

Бишкек, 04.03.19. /Кабар/. Кыргызстандык жеңил атлетчилер эл аралык мелдеште 6 медаль жеңишти. Бул тууралуу Өзбекстандын Жеңил атлетика федерациясы билдирет.

Дем алыш күндөрү Ташкентте өткөн мелдеште 2002-2003-жылы туулган кыздар жана балдар жарышышкан. Анда кыргыз спортчулары бир алтын, бир күмүш жана төрт коло уткан.

Алтын медалды Никита Оптов жеңген. Ал аралыкка секирүүдө жеңүүчү болгон. Ал эми Аденат Сарыбагышев 800 метр аралыкка жарышууда үчүнчү орунду алган.

Кыздардын арасында Чолпон Тазабекова 3 миң метрге чуркоодо күмүш жана 1 миң 500 метр аралыкка жарышта коло жеңген. Ошондой эле, Сабина Бартажиева эки коло медаль уткан.

Пикир

Оставить комментарий