• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандык жеңил атлетчилер Казакстанда өткөн чемпионатта 4 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 17.01.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандыктар имараттын Казакстанда ичинде өткөн жеңил атлет боюнча мелдеште төрт медаль утушту. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мелдеш 15-январда Усть-Каменогорск шаарында башталган. Биринчи күнү КРден барган спортчулар эки алтын жана коло медаль утушкан.

Мелдештин алгачкы күнү спортчулар бир нече тартип боюнча мелдешке чыгышкан. 60 метрлик чуркоого Анна Буланова чыккан. Ал финалдык көрсөткүчтө чыгып, коло медаль багындырган. Анын жыйынтыгы 7, 53 секунд.

Эркектер арасында 60 метр аралык боюнча чуркоодо Жамалдин Мусаев финалда 6,98 секунд жыйынтык көрсөтүп, коло тагынган.

Андан тышкары, 1500 метр аралыкта эркектер арасында чуркоодо Мусульман Жоламанов алтын медаль уткан. Анын жыйынтыгы 3 мүнөт 56,44 секунд.

Узундукка секирүү боюнча Анна Буланова бардык атаандаштарынан озуп өтүп, алтын медаль утту.

Учурда Кыргызстандын байге куржунунда 4 медаль (2 алтын жана 2 коло) бар.

Пикир

Оставить комментарий