• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандык жигит Меккедеги Куран окуу жарышында 1-орунду жеңип алды – видео

Коом 0


Бишкек, 22.09.22./Кабар/. Кыргызстандык Мухаммадали Умаров Меккедеги дүйнөлүк Куран окуу жарышында жеңишке жетти.

Муфтияттан "Кабар" агенттигине билдиришкендей, жарыш Сауд Аравиянын Мекке шаарында маркум падыша Абдулазиз Ал-Сауддун элесине арналып уюштурулган.

Жарышта биринчи орунду алган кыргызстандыкка 250 миң риал берилген (болжол менен 5 млн 500 миң сом).

Мухаммадали Умаров ыйык Куран китебинин 600 барагын жатка айткан.

Пикир

Оставить комментарий