• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандыктар 2018-жылы микрокредиттик компаниялардан 23,1 млрд сом насыя алган

Экономика 0

Бишкек, 28.03.19. /Кабар/. Кыргызстандыктар 2018-жылы микрокредиттик компаниялардан 23 млрд. 116,2 млн. сом насыя алган. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.

Өткөн жылы насыя алгандардын саны 481,9 миң кишини түзүп, 2017-жылга караганда 56,5%га же 173,9 миң адамга көп болгон. Аны менен бирге берилген насыянын көлөмү да 5 млрд. 949,7 млн. сомго арткан.

"Чакан насыялардын көбү Бишкек (4 млрд. 661,2 млн. сом же жалпы көлөмдөн 20,2%), Ош облусу (4 млрд. 638,4 млн. сом же жалпы көлөмдөн 20,1%), Чүй облусу (3 млрд. 493,2 млн. сом же жалпы көлөмдөн 15,1%) жана Жалал-Абад облусунда (3 млрд. 89,1 млн. сом же жалпы көлөмдөн 13,4%) берилген", - деп билдирет Статистикалык комитет.

2018-жылы берилген чакан насыялардын 30,6%ы айыл-чарба ишмердигине, 24,9%ы керектөөчүлүк багытка, калган 14,6% турмуш-тиричилик кызматтары тармагына жумшалган.

2019-жылдын 1-январына карата берилген насыялар боюнча карыз 16 млрд. 189,4 млн. сомду түзгөн.

Ал эми, 2018-жылы чакан насыяларды кайтаруу 91,1%ды түзүп, мурдагы жылга караганда 6,1%га төмөндөгөн. 2016-жылы насыя кайтаруу 94,1% болгон.

Пикир

Оставить комментарий