• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандыктар Жаңы жылда 7 күн катары менен эс алат

Коом 0

Бишкек, 24.12.18 /Кабар/. Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев 2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө токтомго кол койду.

Өкмөттүн «2019-жылкы дем алыш күндөрүн которуу жөнүндө» токтомуна ылайык, жарандар 2019-жылдын 1, 2, 3, 4, 5, 6 жана 7-январында, ошондой эле 9, 10, 11 жана 12-майында эс алышат.

Белгилесек, документке ылайык, 25-февралдагы дем алыш күнү 2-январдагы жумушчу күнгө, 8-апрелдеги дем алыш күнү 3-январдагы жумушчу күнгө, 2-сентябрдагы дем алыш күнү 4-январдагы жумушчу күнгө, 6-майдагы дем алыш күнү (5-май дем алыш күнгө туш келгендиктен, эс алуу күнү катары саналат) 10-майдагы жумушчу күнгө которулууда.

Пикир

Оставить комментарий