• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандыктар акчаны кантип сакташат? – сурамжылоонун жыйынтыгы

Экономика 0

Бишкек, 21.10.19. /Кабар/. Кыргызстандыктар арасында атайын сурамжылоо жүргүзүлүп, анда калктын көпчүлүк бөлүгү акчаларын кантип сактай тургандыгы аныкталган.

“Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Германиянын сактык кассалар фондунун эл аралык кызматташтыктын аймактык координатору Аня Хойер билдиргендей, сурамжылоо КР Улуттук банкы менен биргеликте өткөрүлгөн.

“Жыл башында 2100 чарбада сурамжылоо өткөрдүк. Биз калк арасында каражаттарды сактоого мамилеси кандай, алар кантип каражаттарын сакташат жана алардын банк системасына болгон көз карашын билгибиз келген. Биз калк акча сактоого даяр экендигин көрдүк. Сурамжылоого катышкандардын дээрлик жарымы өз акчаларын сактай тургандыктарын айтышты. Албетте, киреше жогору болсо, аманат кылууга мүмкүнчүлүк да болот. Бирок, 2/3 чарбалар аз кирешеси менен да акчасынын жарымын сактоого аракет кылышат экен. Көпчүлүгү каражаттарын банкта сакташат же мал сатып алышат. Бирок акчаларын үйдө кармагандар да жок эмес”, - дейт Хойер.

Андан тышкары ал белгилегендей, 70 пайыздан ашуун үй-бөлүнүн узак мөөнөттүү пландары бар.

“Калган 30% суралгандар жакында үйлөнүү, үй сатып алуу жана окууга тапшыруу сыяктуу чоң пландары жок болсо да акчаларын сактоого даяр. 70%нын өз киреше жана чыгашаларын көзөмөлдөп, аманат пландоого жакшы мүмкүнчүлүктөрү бар. Сурамжылоого катышкандардын банктарга болгон ишеними чоң”, - деп кошумчалады Аня Хойер.

Сурамжылоого катышкандардын көпчүлүгү үчүн киреше эмес, ишенимдүүлүк жана коопсуздук биринчи орунда турат.

Пикир

Оставить комментарий