• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандыктар алкоголдук ичимдиктерди аз иче баштады

Коом 0

Бишкек, 03.11.18. /Кабар/. Кыргызстандыктар 2013-жылы 23,2 млн. литр алкоголдук ичимдик сатып алышса, 2017-жылы 19,81 млн. литр сатып алышкан.

КРнын Улуттук статистикалык комитетинин маалыматы боюнча, өлкө боюнча 2013-жылы 23,26 млн. литр, 2014-жылы 24,01 млн. литр, 2015-жылы 21,25 млн. литр, 2016-жылы 21,38 млн. литр жана 2017-жылы 19,81 млн. литр алкоголдук ичимдик сатылган.

2017-жылы Кыргызстанда сатылып алынган алкоголдук ичимдиктерди ар бир адамга бөлүштүргөндө 4123 литр арак жана ликер-арак ичимдиктери, 3915 литр сыра, 750 литр шарап, 213 литр шампан, 210 литр коньяк туура келген.

Пикир

Оставить комментарий