• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандыктар август айында былтыркыга салыштырмалуу электр энергиясын көп керектешкен

Экономика 0

Бишкек, 07.09.21. /Кабар/. Кыргызстандыктар үстүбүздөгү жылы август айында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу электр энергиясын көп керектешкен.

«Кыргызстан улуттук электр тармагы» ачык акционердик коомунун Борбордук диспетчердик кызматынын ыкчам маалыматына ылайык, 2021-жылдын август айында өлкөнүн энергетика тутумунда электр энергиясынын керектөөсү 959 млн 540 миң кВт.с. түздү.

2020-жылдын ошол эле мезгилинде бул көрсөткүч 849 млн 493 миң кВт.с. түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий