• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандыктар паратриатлон боюнча Азия чемпионатында эки коло медаль утуп алышты

Спорт 0

Бишкек, 10.08.18 /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Филиппиндеги Легаспи шаарында өтүп жаткан паратриатлон боюнча Азия чемпионатында эки коло медаль утуп алышты. Турнир бир нече категорияда өтүп, Кыргызстандын атынан 2 атлет катышкан.

Нурбек Тойчубаев PTS4 Men категориясында 1 саат 12 мүнөт 15 секунд жыйынтыгы менен коло медалга ээ болгон.

Ал эми PTVI Men категориясында Жалалдин Абдувалиев 1 саат 10 мүнөт 39 секунд менен үчүнчү оорунду алып, коло медалдын ээси болгон.

“Паратриатлон боюнча Азия чемпионатында коло медаль утуп алдык. Башталышы аябай жакшы болду, атаандаштык күчтүү болгонуна карабай өлкөбүздүн намысын коргодук”, - деп жазган Абдувалиев социалдык тармактагы баракчасына.

Пикир

Оставить комментарий