• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстандыктар Бангладеште өткөн жаа атуу мелдешинен коло медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 11.05.18. /Кабар/. Кыргызстандыктар Бангладеште өткөн жаа атуу боюнча турнирде коло медаль утту,-деп билдирет КР аталган спорттун түрү боюнча федерациясы.

Дакка шаарында жаадан атуу боюнча Ислам тилектештигинин ачык чемпионаты аяктады.

Чемпионат 5нен 10-май күндөрү өтүп, ага 18 мамлекеттен келген спортчулар катышкан.

Кыргызстандын атынан барган Улукбек Курсаналиев менен Асел Шарбекова “МИКС” машыгуусунда коло медаль багындырышкан. Башкы машыктыруучу Кылычбек Нурманбетов.

Аялдар арасындагы жеке биринчиликте Асел Шарбекова 6-орунду ээлеген.

Пикир

Оставить комментарий