• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандыктар бизнес ачуу үчүн 1 млн сомго чейин каражат ала алышат

Экономика 0

Бишкек, 07.08.19. /Кабар/. Кыргыз-россиялык өнүктүрүү фонду старт-ап долбоорлорду каржылоо үчүн 70 млн сом бөлгөн. Ал каражат аймактар боюнча бөлүштүрүлөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Мирлан Парханов билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан менен Россиянын жаш лидерлеринин форумунда фонд ал программаны, арыздарды берүү шарттары тууралуу айтып берген.

"Көп жылдан бери ал ири бизнести, ири долбоорлорду колдоо боюнча иш алып барып келген. Биз фондго, шарттарды жеңилдетип, чакан жана орто ишкерчиликтин өнүгүүсүнө түрткү болуу өтүнүчү менен кайрылчубуз. Бул максатта фонд долбоор ачып, ал боюнча 1 млн сомго чейин каражат берилет. Ага баардык жарандар арыз таштай алат", - деди ал.

Акча каражаты 5 жылга 10% үстөк менен берилет.

Пикир

Оставить комментарий