• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандыктар БШКнын WhatsApp каналын активдүү колдоно башташты

Шайлоо 2017 0

БИШКЕК, 21.08.17. /Кабар/. 2017-жылдын 16-августунан баштап, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча борбордук комиссияда кыргызстандыктар менен дайыма байланышта боло турган WhatsApp каналы ачылган. Беш күндүн ичинде +996 770 660 240 номерине жүздөн ашуун суроо келип түштү. Бул тууралуу БШК басма сөз кызматы билдирди.

Кайрылгандар көбүнчө:

-каттоодо турбаган жерден добуш берүү;

-республикадан тышкары жерлерден добуш берүү;

-шайлоочулардын тизмесинен жеке маалыматтын текшерүү жөнүндө суроолор келип түшүүдө.

Мамлекеттик каттоо кызматынын (ММК) ишмердиги боюнча да көптөгөн суроолор келип, алар оперативдүү түрдө МККнын маалымат борборуна берилет. Ошондой эле Борборшайлоо комиссиясынын ишмердиги менен байланышпаган суроолор да түшүүдө. Мисалы, жер участогун бөлүп берүү же пенсияны көбөйтүү тууралуу.

WhatsApp каналы менен шайлоо процессине байланышкан гана суроолор менен кайрылуу керек экендигин эске салабыз. Ошондой эле коомдук кабылдама да иштеп жатат, тел.( 0312) 660 240.

Пикир

Оставить комментарий