• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандыктар былтыр салыкты 345 миң жолу дистанттык түрдө төлөшкөн

Экономика 0

Бишкек, 18.02.20. /Кабар/. 2019-жылы кыргызстандыктар перифериялык түзүмдөр аркылуу 426,6 млн сом суммасында 345 миң 670 салык төлөмдөрү жүргүзүлгөн. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 27,1 миң төлөмгө же 45,7 млн сомго көп. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Акыркы жылдар аралыгында жарандардын төлөм терминалдарына болгон ишеними артууда. Алар аркылуу 2019-жылы 340,7 млн сомго 285 миң 889 төлөм жүргүзүлгөн.

Ошол эле учурда, салык төлөөчүлөр салыктарды төлөөнүн башка инновациялык методдорун да пайдаланат. Мисалга алсак, 2019-жылы банкомат аркылуу 18,6 млн сомго 16 миң 824 төлөм, веб-касса – 41,2 млн сомго 9 миң 173 төлөм, интернет-банкинг – 15,2 млн сомго 17 миң 192 төлөм, мобилдик банкинг аркылуу – 8,3 млн сомго 13 миң 278 төлөм, электрондук капчык – 2,6 млн сомго 3 миң 314 төлөм жүргүзүлгөн.

Кыргызстанда салыктарды төлөөнүн ар кандай инновациялык ыкмалары, анын ичинде интернет жана мобилдик банкинг, электрондук капчык, ошондой эле төлөм терминалдары жана POS-терминалдар аркылуу, WEB-касса, банкоматтар ж.б.

Мамлекеттик салык кызматы аралыктан тейлөөнүн ар кандай ыкмалары менен калкка накталай эмес эсептешүүнүн тийиштүү кызматын көрсөтүү боюнча дээрлик бардык коммерциялык банктар менен жигердүү кызматташат.

Салыктарды төлөөнүн жаңы инновациялык ыкмаларын киргизүү накталай эмес төлөмдөрдү көбөйтүү, салык төлөөчүлөр үчүн шарттарды түзүү жана “Санарип Кыргызстан 2019-2023” улуттук программасынын алкагында өлкөдөгү салыктарды төлөө жол-жобосун жөнөкөйлөтүүгө багытталган.

Пикир

Оставить комментарий