• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандыктар дүйнө чемпионатында джиу-джитсу боюнча үч алтын медаль алышты

Спорт 0

Бишкек, 23.04.18. /Кабар/. Кыргызстандыктар Бириккен Араб Эмираттарында кесипкөйлөр арасында джиу-джитсу боюнча дүйнө чемпионатында үч алтын жана бир күмүш медаль утуп алышты.

Abu Dhabi World Professional Jiu-Jitsu Championship 2018 Эл аралык джиу-джитсу боюнча чемпионат Абу-Дабиде 16-апрелде башталып, 28-апрелге чейин уланат.

Бул ирети боюнча 10-чемпионатта эл аралык жана жергиликтүү спортчулар катышууда. Алардын арасында дүйнөнүн 100 өлкөсүнөн балдар, жаштар жана паралимпиадачылар бар.

Бүгүнкү күндө КР спортчуларынын байге куржунунда үч алтын жана бир күмүш байге бар.

Сыйлыктын жогорку баскычына 66 кг салмактык категориясында Акылбек Жолдошбеков, 73 кг салмакта Абдулмуслим Гаджиев жана 56 кг салмакта Заир Розматов чыгышты.

Экинчи орунга 62 кг салмак категориясында Малика Боотаева ээ болду.

Пикир

Оставить комментарий