• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандыктар Душанбедеги жарым марафонго катышат

Спорт 0

Бишкек, 19.04.18. /Кабар/. Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү Душанбе (Тажикстан) шаарында өтө турган жарым марафонго катышат. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматы билдирди.

IX Душанбе жарым марафону 18нен 23-апрель күндөрү өтөт. Спорттук иш-чарага бара тургандардын тизмеси:

- Маслова Дарья;

- Тяпкин Илья;

- Коробицкая Мария;

- Кыштакбеков Адилет.

Машыктыруучу Татьяна Борисова.

Кураманын мүчөлөрү спорттун олимпиада түрү боюнча дирекциянын эсебинен барат. Ал үчүн дирекциянын бюджетинен 176 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий