• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандыктар дзюдо боюнча Кытайда өткөн таймашта “алтын” утушту

Спорт 0

Бишкек, 06.11.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык Иса Жумабеков жана Илимбек Курманбеков Кытайда өткөн дзюдо боюнча турнирдин жеңүүчүлөрү болушту.

Ачык чемпионат Гуанчжоу шаарында (Кытай) 2-декабрда өткөн. Аталган турнир эсеп боюнча алтынчы ирээт өткөрүлдү.

Турнирде Кытайдын ар кайсы провинциясынан жана Кыргызстан, Казакстан, Россия ошондой эле, бир канча африка өлкөлөрүнүн студенттери катышкан.

Иса Жумабеков 81 кг чейинки салмактык категория боюнча төрт жолу таймашка чыгып, алдын медаль утту.

Андан сырткары, 66 кг чейинки салмактык категория боюнча Илимбек Курманбеков да алтын медаль тагынды.

Пикир

Оставить комментарий