• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандыктар экологиялык мыйзам бузуулар тууралуу 105 номерине кабарлай алат

Коом 0

Бишкек, 29.04.22. /Кабар/. Өлкөдө экологияны жакшыртуу максатында 105 номерлүү ишеним телефону уюштурулду. Жарандар бул номер аркылуу экологиялык мыйзам бузуулар тууралуу кабарлай алат. Бул тууралуу “Биринчи радионун” эфиринде жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди.

Анын айтымында, бул номер аркылуу билдирилген фактылар катталып, экологиялык инспекторлор тарабынан чара көрүлөт.

Министр кыргызстандыктарды алар күбө болгон экологиялык көйгөйлөрдү билдирүүгө чакырды.

Пикир

Оставить комментарий