• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандыктар эми көк бөрү оюнун майдан талаасынан түз эфирде көрө алышат

Спорт 0

Бишкек, 24.08.17 /Нурсулуу Нуркамилова – Кабар/. Астананын “Казанат” ипподромунда өтүп жаткан көк бөрү боюнча дүйнөлүк чемпионатты эми кыргызстандыктар “Next TV” телеканалы аркылуу түз көрө алышат. Бул тууралуу “Кабарга” аталган телеканалдан кабарлашты.

“Көк бөрү боюнча дүйнөлүк чемпионатты “Next TV” телеканалынын чыгармачыл тобу бүгүнтөн тарта түз алып көрсөтө баштады. Финалдык оюнду да түз алып көрсөтөбүз деген ниеттебиз. Оюндун качан жана кайсы убакта боло тургандыгы тууралуу маалыматты биздин фейсбук интернет баракчабызга жайгаштырганбыз. Оюнду толугу менен аягына чейин көрсөтө алабызбы же жокбу азырынча айта албайбыз. Учурда телеканалдын жетекчиси да Астанада”,-деп билдиришти телеканалдын кызматкерлери.

Эске сала кетсек, мурдараак кыргыз улакчылары “А” тайпасында бардык каршылаштарын утуп, мөөнөтүнөн мурда финалга чыгышты.

Алгач Монголиянын курама командасын - 4:0 эсебинде, Өзбекстан курамасын – 11:2, Түркияны – 13:3 эсебинде, бүгүн Тажикстан курамасынын чаңын сапырып, 15:2 эсебинде утуп алышты.

Эртең, 25-августта, кыргыз улакчылары АКШнын курама командасы менен беттешет.

Төртүнчү турдун жыйынтыгы боюнча КРдин активинде 12 балл, Монголия жана Тажикстанда 9 баллдан бар.

Көкпар боюнча дүйнөлүк биринчилик Астананын “Казанат” ипподромунда өтүүдө. Үчүнчү орун үчүн беттеш 27-августта болот. Байге фонду 18 млн тенге (3,7 млн сом).

Пикир

Оставить комментарий