• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Кыргызстандыктар Финляндия, Япония сыяктуу өлкөлөрдө жумушка орношушу мүмкүн

Коом 0

Бишкек, 11.10.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. 800 миңден ашык кыргызстандык чет өлкөдө эмгектенип жүрөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, 2022-жылы Түштүк Корея менен Улуу Британияда 3 миңдей кыргыз жараны жумуш менен камсыз болгон.

undefined

“Россия, Япония, Финляндия, Түркия жана башка бир катар өлкөлөр менен келишим түзүү маселеси иштелип чыгууда”, - дейт министр.

Базарбаев Россияда 680 миң, Түркияда 35 миң, Казакстанда 35 миң, Канада, АКШда 26 миң жана Германия, Польшада 11,2 миң кыргызстандык иштеп жатканын кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий