• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандыктар ипотекалык насыяны 7-9 жылдык пайыз менен ала алышат

Коом 0

Бишкек. 16.04.19 /Кабар/. Учурда «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» программасынын алкагында жарандар 210 миң чарчы метр турак жай сатып алышкан. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.

Турак жай сатып алууда калкка колдоо көрсөтүү максатында өкмөт 2018-жылдын ноябрынан тартып ипотекалык насыялар боюнча пайыздык коюмду 1 пунктка төмөндөткөн жана жылдык 7-9% түзөт.

Учурда өкмөттүн «Жеткиликтүү турак жай 2015-2020» Программасын ишке ашыруу үчүн ипотекалык насыялоонун 2 механизми иштелип чыккан жана киргизилген: даяр турак үйдү сатып алуу жана жеке турак жай куруу.

2019-жылдын 1-январына карата Финансы министрлиги «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКга 3,8 млрд сом бөлгөн, анын ичинде 1,5 млрд сому 2018-жылы бөлүнгөн.

Мындан тышкары «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААК жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда 30 миллион евро бөлүү жөнүндө келишимге кол коюу пландалууда.

2019-жылдын 1-январына карата 4,28 млрд сомдон ашуун суммага 3 799 ипотекалык насыя берилген, натыйжада 210 миң чарчы метр турак жай сатып алынган жана 14 миң жараны турак үй менен камсыздалган.

Пикир

Оставить комментарий