• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Кыргызстандыктар Көчмөндөр оюндарында эр эңиш боюнча 5 алтын медаль утушту

ДКО 2018 0

Бишкек, 07.09.18 /Кабар/. Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданында эр эңиш боюнча финалдык мелдештер соңуна чыкты. Эр эңиш – эки атчандын салтуу кыргыз күрөшү. Ар бир катышуучу атаандашын аттан түшүрүүгө аракет жасайт.

5 салмак категориясында алтын медалдар үчүн 5 кыргызстандык жана 5 казакстандык балбан кармашты. Бардык категорияларда кыргызстандыктар алтын медалдарды утуп алышты.

Жеңүүчүлөрдүн ысымдары:

60 килограммга чейин:

1-орун – Жекшенбек Турдубеков – Кыргызстан;

2-орун – Азамат Сергазин – Казакстан;

3-орун – Базарбай Матиев – Монголия.

70 килограммга чейин:

1-орун – Бузурманкул уулу Калыбек – Кыргызстан;

2-орун – Эрназар Байгонов – Казакстан;

3-орун – Магай Айткалы – Монголия.

80 килограммга чейин:

1-орун – Бердибек уулу Ислам – Кыргызстан;

2-орун – Бердибек уулу Ислам – Казакстан;

3-орун – Мунур уулу Амантур – Россия (Красноярск).

90 килограммга чейин:

1-орун – Конокбай уулу Баркыжоков – Кыргызстан;

2-орун – Сырым Избасаров – Казакстан;

3-орун – Чыныбек уулу Русланбек – Россия (Красноярск).

90+килограмм:

1-орун – Күмүшбек Кыдыралиев – Кыргызстан;

2-орун – Биржан Косалиев – Казакстан;

3-орун – Талибов Ихтиёр – Өзбекстан.

1-орунду алгандар 70 миң, экинчи орунду алгандар 35 миң, коло медалдын ээлери 17 миң 500 сомдон байге алышат.

Азыркы учурда эр эңиш боюнча мелдештер тегерек, түз аянтчада өткөрүлөт. Ага белине чейин чечинген эки балбан катышат. Аларда белдик, бекем материалдан шым, жоолук, өтүк, колунда камчы болушу керек. Оюндун башында ат үстүндөгү балбандар айлампанын борборуна келишет. Буйрук менен оюн башталат. Жеңишке жетүү үчүн катышуучу атаандашын аттын үстүнөн алып түшүшү керек.

Пикир

Оставить комментарий