• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандыктар кадеттер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Азиянын чемпионатына катышат

Спорт 0

Бишкек, 04.05.18. /Кабар/. Кыргызстандык спортчулар Ташкентте өтө турган кадеттер арасындагы грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпионатына катышат,-деп билдирет Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агентигинин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, Азия чемпионаты 7нен 14-май күндөрү Ташкентте (Өзбекстан) өтөт. Бул турнирдин лицензиясы бар. Алсак, медалдардын тышкары 2018-жылы Аргентинадагы өспүрүмдөр аралык Олимп оюндарына лицензиялар ойнотулат.

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандан курамасынын тизмеис: Акыйкат Кулжигит уулу, Илимбек Эркинбек уулу, Бекболсун Тургунбеков, Элмирбек Садыров, Бакдаулет Эгембердиев, Бекзат Маткабылов, Бекзат Орункул уулу, Аркыт Орозбеков жана Мухамед Рахматкулов. Башкы машыктыруучу Ратбек Мамбетова.

Мелдешке барчу балбандар спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан каржыланды. Дирекциянын бюджетинен 126 миң сом каралган.

Пикир

Оставить комментарий