• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстандыктар кайрадан почта түйүндөрү аркылуу жарык үчүн төлөмдү төлөй алышат

Коом 0

Бишкек, 22.01.21. /Кабар/. Кыргызстандыктар кайрадан почта түйүндөрү аркылуу жарык үчүн төлөмдү төлөй алышат. Бул тууралуу "Түндүк электр" ишканасынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, күн мурун, 21-январда «Кыргыз почтасы» МИ жана «Түндүк электр» ААКнын ортосунда төлөм кабыл алуу боюнча келишимге кол коюлду.

Эми электр энергияга болгон төлөмдү «Кыргыз почтасынын» бардык почта бөлүмдөрүнөн кабыл алуу мурункудай эле комиссиясыз жүргүзүлөт.

Эске салсак, 14-январдан тарта «Кыргыз почтасы» МИ жана «Түндүк электр» ААКнын ортосунда түзүлгөн келишимдин мөөнөтү соңуна чыккандыгына байланыштуу электр энергияга болгон төлөмдү почта бөлүмдөрүнөн кабыл алуу токтотулган.

Пикир

Оставить комментарий