• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандыктар кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионатында 6 медаль утуп алышты

Спорт 0

Бишкек, 24.09.18. /Кабар/. Венецияда жаштар арасында кикбоксинг боюнча дүйнө чемпионаты өтүп, ага кыргызстандык спортчулар катышты. Бул тууралуу аталган спорт түрүнүн федерациясынан билдиришти.

Аталган турнирде Кыргызстандан 9 спортчу катышты. Кикбоксчулар 6 медаль – 1 күмүш жана 5 коло утуп алышты.

Байгелүү орундарга Алмазбек уулу Чыңгызхан (күмүш), Азиз Бийхуров (коло), Мирбек Касымов (коло), Бакытбек уулу Арлет (коло), Рустам Эшмаматов (коло), Саид-Али Хисаметдинов (коло) ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий