• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандыктар милицияга, сотторго, медкызматкерлерге жана депутаттарга ишенбейт

Коом 0

Бишкек, 2-август /Кабар/. Социалдык сурамжылоого катышкан кыргызстандыктардын көпчүлүгү милицияга (13,2%), сотторго (12,4%), Жогорку Кеңешке (9%) медицина кызматкерлерине (4,4%) ишенбээрин билдирген.

Ошондой эле, сурамжылоонун жыйынтыгында жарандар ишенбеген мамлекеттик мекемелердин катарына Билим берүү жана илим министрлиги - 3,6%, Башкы прокуратура - 5,5% жана өкмөт - 3,6% кирген.

Жарандардын 36,7% бул суроого жооп берүүдө кыйналышкан.

“Демократия жана жарандык коом үчүн коалициясы” жүргүзгөн телефон аркылуу социалдык сурамжылоого 738 адам катышкан. Сурамжылоо 13-19-июл аралыгында жүргүзүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий