• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандыктар мыйзамсыз алынган каражаттарды өлкө бюджетине кайтарууну колдойт – сурамжылоо

Коом 0

Бишкек, 17.11.20. /Кабар/. Кыргызстандыктар мыйзамсыз алынган каражаттарды өлкө бюджетине кайтарууну колдойт. Муну сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөткөнүн Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши билдирет.

Сурамжылоо Кыргыз Республикасынын коррупцияга каршы ишкерлер кеңеши жана “Таза Кыргызстан үчүн” жаштардын платформасынын демилгеси менен телефон аркылуу жүргүзүлгөн.

Сурамжылоонун максаты жарандардын бийликтин уюшкан кылмыштуу топтор менен күрөшүү үчүн жасалып жаткан иш-чараларына кандай көз карашта экенин аныктоо болгон.

“Сурамжылоо көрсөткөндөй өлкөнүн ар бир онунчу жараны (9,9%) уюшкан кылмыштуу топ тарабынан криминалдык кодулоого дуушар болгон. Ошол эле учурда аялдарга (7,4%) караганда эркектер (12,6%) мындай кырдаалга көп туш болот. Жарандардын 86,4%ы президенттин м.а. Садыр Жапаровдун уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү демилгесин колдойт. Ал эми кыргызстандыктардын 96,3%ы мыйзамсыз алынган каражаттарды өлкөнүн бюджетине кайтарууну максаттуу деп эсептейт”, - деп айтылат маалыматта.

Сурамжылоо 8-ноябрдан 14-ноябрга чейин өлкөнүн ар бир облусунда жана Бишкек менен Ош шаарларында жүргүзүлгөн. Сурамжылоого 6 миң 558 киши катышкан.

Пикир

Оставить комментарий