• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Кыргызстандыктар ноябрда төрт күн катары менен эс алышат

Коом 0

Бишкек, 18.10.21. /Кабар/. Кыргызстандыктар ноябрда төрт күн катары менен эс алышат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-ноябрь жекшемби күнгө туура келгендиктен эс алуу күнү 9-ноябрга (шейшемби) жылдырылат. Мындан улам 6-7-8-9-ноябрь эс алуу күнү болот.

Эскерте кетсек, Кыргызстанда 2017-жылдан бери 7-8-ноябрь — Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү катары белгиленет.

Пикир

Оставить комментарий