• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Кыргызстандыктар Парижде 15 жылдан бери алгачкы жолу Ноорузду белгилешти

Маданият 0

Бишкек, 28-март /Кабар/. Кыргызстандын Бельгиядагы элчилигги Франциядагы кыргызстандыктардын «Kyrgyz Club - France» Ассоциациясы менен биргеликте 15 жылдан бери алгачкы жолу Фрацнцияда жашаган кыргызстандыктардын арасында Ноорузду белгилешти.

ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, майрамдык программага спорттук иш-чаралар, кыргыз эстрада жылдыздарынын катышуусундагы концерт кирген.

Футболдук турнирди ачкан консул Р.Бекболотов бардык кыргызстандыктарды майрамы менен куттуктап жана диаспораларды ынтымактуу, биримдиктүү болууга чакырып, бул чет жакта Кыргызстандын аброюн көтөрөрүн белгиледи.

Бул иш-чарага Гүльнур Сатылганова жана Нурлан Насиптин концертин жылуу кабыл алган 150дөн ашык кыргызстандык катышты.

Элчиилик жемиштүү иштин жыйынтыгы боюнча Франциядагы кыргызстандыктардын «Kyrgyz Club - France» Ассоциациясынын президенти Алмазбек Иманалиевдин ыраазычылык сертификаттары менен сыйлады.

Өз кезегинде диаспоралардын өкүлдөрү мындай иш-чаралар Францияда жыл сайын өткөрүлүшүн каалоо ниетин билдиришти.

Пикир

Оставить комментарий