• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Кыргызстандыктар Россияда өткөн эл аралык турнирде 4 медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 14.11.18. /Кабар/. Кыргызстандык балбандар грек-рим күрөшү боюнча бүткүл россиялык турнирде 4 медаль утуп алышты. Бул тууралуу Алтай крайынын сайты кабарлады.

Россия Федерациясынын эмгек сиңирген машыктыруучусу Анатолий Кишицкийдин элесине арналган мелдештер Барнаул шаарында 10-11-ноябрь күндөрү өттү. Ага 100дөн ашык спортчу катышты. Байгелүү орундар 10 салмактык категориясында болду.

Руслан Царев 72 килограммга чейинки салмак категориясында күрөшүп, күмүш уткан.

Халмурат Ибрагимов (-67 кг), Темирлан Бектурдиев (-77) жана Роман Ким (-130) биринчиликтин коло медалдарынын ээлери болушкан.

Пикир

Оставить комментарий