• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстандыктар Россиянын аймагына кириш үчүн вакцина алышы керекпи? Жооп

COVID - 19 0

Бишкек, 27.07.21. Кабар/. Россиянын аймагына кирүү үчүн Кыргызстандын жарандары вакцина алышы керек деген маалымат чындыкка жатабы?. Мына ушул жана башка суроолорго "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы жооп берет.

Маалыматка ылайык, Россиянын аймагына кириш үчүн КР жарандары вакцина алышы керек деген маалымат жалган. Учурда 2021-жылдын 7-июлунда Россиянын Башкы санитардык врачынын токтому белгилеген эрежелер анык.

Ага ылайык, 2021 жылдын 10-июлунан тартып Кыргыз Республикасынын жана ЕАЭБге мүчө-өлкөлөрдүн жарандары Россиянын аймагына кирээрде, 72 сааттан кеч эмес жасалган ПЧР-тесттин жыйынтыгын «COVID-19суз саякаттайм» тиркемесинен көрсөтүүлөрү зарыл.

Ал эми чет өлкөдөн келген Россиянын жарандары келгенден үч күндүн ичинде ПЧР-тест тапшырып, жыйынтыгы чыкканча жашаган жери боюнча обочолонушу (изоляция) керек.

Эгерде Мамлекеттик кызматтар боюнча вакцинациялангандыгы (12 айга жарактуу) же коронавирус менен ооругандыгы (6 айга жарактуу) тууралуу электрондук сертификаты болсо, анда ПЧР-тест талап кылынбайт.

Пикир

Оставить комментарий