• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандыктар санарип документтерди колдоно алат. Кантип?

Коом 0

Бишкек, 12.08.22. /Кабар/. КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги санарип документтердин укуктук статусун аныктоо боюнча долбоорду коомдук талкууга койду, деп билдирет министр Талантбек Иманов.

Анын айтымында, азыркы учурда паспорт, айдоочулук күбөлүк, транспорт каражатын каттоо тууралуу күбөлүк, пенсиялык күбөлүк жана вакцина тууралуу сертификат тесттик режимде жеткиликтүү.

“Мыйзам долбоору санариптик документтин статусун кадимки аналогго теңештирүүгө мүмкүндүк берет. Буга чейин долбоор пилоттук долбоор болуп, КР Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы менен биргеликте иш алып барган.

Жарандардын документтеринин санарип версиясынын негизги артыкчылыгы – бул колдонуунун ыңгайлуулугу жана убакытты үнөмдөө. Белгилей кетүүчү жагдай, санарип документтин бүткүл процесси жогорку коопсуздукка ээ”, - деди министр.

Анын маалыматына ылайык, санарип документти колдонуу үчүн жаранга төмөнкулөр керек болот:

- калкты тейлөө борборунан булуттук электрондук кол тамгасын алуу, бул бекер берилет;

- App Store же Play Market`те “Түндүк” тиркемесин көчүрүү;

- булуттук электрондук санариптик кол тамганы колдонуу менен мобилдик тиркемеге кирүү:

- тиркемедеги “Санарип документтер” бөлүмүнө өтүү;

- документти тандап, бөлүшүү;

- телефондун бетинде пайда болгон ИННди жана кыска кодду жазуу керек.

Пикир

Оставить комментарий