• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Кыргызстандыктар сапатсыз тейлөөгө байланыштуу банктарга ишенишпейт - адис

Экономика 0

Бишкек, 13.03.18. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Кыргызстандыктардын коммерциялык банктарга ишенбөөчүлүгү сапатсыз сервис менен шартталган. Бул тууралуу журналисттерге КР Депозиттерди коргоо боюнча агенттигинин тышкы экономикалык байланыштар менеджери Анара Айтикеева билдирди.

Ал бул багыттагы ишеним банктын каржылык абалына карата эмес, кардарлардын алардын кызматтарын пайдалануусуна байланыштуу түзүлөт.

“Кезектер, банк карталарынын мүмкүнчүлүктөрү, алардын кызматтарынын жеткиликтүүлүгү, кызматчылардын орой мамилеси – ушунун баары банкка карата калктын мамилесин түзөт”,- деп санап өттү Айтикеева.

Бүгүнкү күнү, анын маалыматы боюнча, Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги алардын ишинин сапатын жакшыртуу максатында банк кызматкерлерин даярдоо критерийлерин иштеп чыгууда.

Пикир

Оставить комментарий