• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандыктар Сочиде өтүп жаткан чемпионата дагы үч медаль утушту

Спорт 0

Бишкек, 30.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандыктар Сочиде өтүп жаткан панкратион боюнча дүйнө чемпионатында дагы үч медаль утту. Турнирде 22 өлкөдөн 300 спортчу катышты.
Мелдештин акыркы күнү Ураим уулу Жаныш (66 кг чейин) жана Камбарали Раимбаев (60 кг чейин) күмүш медаль утушту. Анарбек уулу Чыңгыз (66 кг салмакка чейин) “коло” медалга ээ болду.
Эске сала кетсек, мелдештин биринчи күнү кыргызстандыктар “алтын” жана “коло” медаль утушкан.

Пикир

Оставить комментарий