• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Кыргызстандыктар Сочиде өтүп жаткан чемпионатта “алтын” жана эки “коло” утту

Спорт 0

Бишкек, 28.10.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандыктар Сочиде өтүп жаткан панкратион боюнча дүйнө чемпионатында “алтын” жана эки “коло” утушту. Бул тууралуу КР аталган спорттун түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, мелдеште Россия, Тажикстан, Италия, Греция, АКШ, Япония, Индия, беларусия, Украинадан жана башка мамлекеттерден 500гө жакын спортчу катышууда. Бардыгы болуп мелдешке 16дан 45 жашка чейинки спортчуларды 22 өлкө сунуштаган.

Кыргызстандын атынан 19 спортчу катышууда.

Алымбек Темиров (19 жаш) 75 кг ашык салмактык категорияда беттешке чыгып, жогорку орунда ээлеген. Азамат уулу Арсений (19 жаш) 66 кг салмактык категорияда чыгып үчүнчү орунга татыган. Баяман Маматалиев (17 жаш) ушул эле салмактык категорияда үчүнчү орунду ээлеген.

Дүйнө чемпионаты 30-октябрда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий