• 89.12
  • 94.98
  • 0.95

Кыргызстандыктар спорттук бал бийлери боюнча турнирде байгелүү болушту

Спорт 0

Бишкек, 24.10.18./Кабар/. Кыргызстандык бийчилер Казакстанда өткөн DANCE QUALITY – 2018 эл аралык спорттук бал бийлери боюнча өткөн турнирде байгеге ээ болушту. Бул тууралуу аталган спорттун түрүнүн федерациясынын президенти Сергей Титунин билдирди.

Мелдештер 20-21-октябрда Алматы шаарында өтүп, ага Кыргызстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан спортчулар катышкан.

Түгөйлөр Абай Түмөнбаев жана Маргарита Петрова, Алишер Сейдалиев жана Азиза Жолдошева чемпион аталышкан. Ал эми Никита Герасименко жана Салтанат Сейдалиева, Адэль Лобанов жана Амина Осмоналиева, Богдан Слесивцев жана Кира Кочергина экинчи орунду алышкан. Егор Манулик жана Алика Сафина, Говард Чолпонбаев жана Айбике Нурланова, Денис Давыдов жана Арина Стародубова коло байгеге ээ болушан.

Пикир

Оставить комментарий