• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

Кыргызстандыктар Стамбулдагы көчмөндөрдүн этнофестивалында оюн көрсөтүштү

Спорт 0


Бишкек, 13-май /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык делегация Стамбулдагы көчмөндөрдүн этнофестивалында оюн көрсөтүштү. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине “Бүткүл дүйнөлүк этноспорттордун конфедерациясынын” башкы катчысы Сергей Даниленко билдирди.

Анын айтымында, Стамбулдагы Еникапы районунда 11-майда “Бүткүл дүйнөлүк этноспорттордун конфедерациясынын” колдоосу менен өтүп жаткан аталган фестиваль башталган.

“Кыргызстандык делегаттар көчмөндөрдүн кыз куумай, көк бөрү, манасчы, жигиттик кичи оюндарын көрсөтүп жатышат. Көрүүчүлөр бизди жакшы кабыл алып жатышат. Бизге Түркиядагы этникалык кыргыздар жана кыргыз диаспорасы жардам берип жатат”, - деп бөлүштү С.Даниленко.

Фестивалдын алкагында Анатолия жана Борбор Азиянын түрк тилдүү элдеринин маданияты, тиричилиги тааныштырылууда.

Спорттун 11 түр боюнча спортчулар катышууда.

Фестиваль 14-майда аяктайт.

Пикир

Оставить комментарий