• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Кыргызстандыктар Ташкентте өткөн тай боксу боюнча Азия чемпионатында 7 медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 01.12.17. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандыктар Өзбекстанда өткөн тай боксу боюнча ачык чемпионатта жети медаль утту. Бул тууралуу КР аталган спорттун түрү боюнча WMF версиясы боюнча федерациянын президени Сыргак Айталиев билдирди.

Анын айтымына караганда, турнир 25нен 30-ноябрь күндөрү Ташкентте өткөн, ага, Афганистан, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандан спортчулар катышкан.

Аталган турнирге Кыргызстандын атынан жети спортчу барган: Али-Хан Эргешов (54 кг, 15 жаш), Альберт Бактыбеков (32 кг, 12 жаш), Кадырбек уулу Кенжебек (57 кг, чоң), Никита Цой (60 кг, чоң), Данияр Өмүрбеков (57 кг, чоң), Кубанычбек Маратов (63.5 кг, чоң), Евгений Трубчаниников (54 кг, чоң).

Али-Хан Эргешов жана Данияр Өмүрбеков эки өзбек балбандарын жеңип, жеңүүчү беттеште Афганистандык спортчулан жеңилип калышып, «күмүш» утушкан.

Башка спортчулар жарым финалга чейин чыгып, коло медаль тагынышкан.

Пикир

Оставить комментарий